“Адамдын организминдеги йоддун мааниси” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

“Адамдын организминдеги йоддун мааниси” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Бүгүн 23-май күнү  “Нур” Жалал-Абад колледжинин химия предметинин окутуучусу Джоробаева Нуржан жана биология предметинин окутуучусу Жолболду кызы Назгүлдүн демилгеси менен  Башталгыч класстарда окутуу адистигинин БКМк 2-17 тайпасынын студенттери арасында “Адамдын организминдеги йоддун мааниси” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга тайпанын  төмөнкү 4 студенти тандаган темаларына байланыштуу докладдарды даярдап алып чыгышып, калыстар тобунун мүчөлөрү аларга төмөнкүдөй баа беришти жана дипломдор менен сыйланышты:

1.Закирбай кызы Гүлзат- “ Йод организмдин өсүшү жана акыл эс үчүн зарыл” тандаган темасы боюнча доклад жана слайд шоу даярдап чыгып сүйлөдү, калыстар тобунун суроолоруна жооп берди (илимий жетекчиси Жолболду к Н.).

2.Жумамаматова Айпери - “Йоддун жетишсиздигинен пайда болгон оорулар” аттуу доклад дярдап слайддар менен  йоддун жетишсиздигинен келип чыккан оорулар жөнүндө маалымат берди жана 3 орунга ээ болду (илимий жетекчиси Жолболду к Н.).

3.Качкынбаева Мадина – “Кыргызстандагы йоддун булагы- йоддолгон туз” теманын алкагында доклад даярдап, эксперименталдык бөлүгүндө Жалал-Абад шаарында сатылып жаткан туздардын курамындагы йодду аныктоо боюнча эксперименттерди жүргүздү, 2 орунду ээледи (илимий жетекчиси Джоробаева Н.Д.).

4.Мажит кызы Орозайым – “Йоддун организмге азык заттар аркылуу кириши” теманын алкагында доклад даярдап, слайддардын коштоосунда йодко бай азыктарды көрсөтүп берип, 1 орунду ээледи (илимий жетекчиси Джоробаева Н.Д.).

        Конференцияга Башталгыч класстарда окутуу адистигинин башка тайпаларынын студенттери катышып, өздөрүн кызыктырган суроолорун катышуучуларга берип жатышты. Конференциянын аягында аудиторияга берилген суроолорго жакшы жооп берген  студенттер белектерди алышты.




alt

alt

{{ comment.user.name }}
{{ comment.text }}
Жооп · {{ comment.created_at }}


Паракорчулукка кабылдыңызбы



Паракорчулукка кабылдыңызбы    

Жалпы маалымат

Администрациянын ишмердүүлүгү

Жоболор

Билим берүү программалары (Адистиктер)

Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)