“Бүгүнкү практикант - эртеңки мыкты адис “ аттуу практикалык конференция болуп өттү.

“Бүгүнкү практикант - эртеңки мыкты адис “ аттуу практикалык конференция болуп өттү.

28-март күнү “Бүгүнкү практикант - эртеңки мыкты адис “ аттуу практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияда каралган маселелер:

1.Мектептеги балдардын сабака болгон кызыгуусунун жоктугу;

2.Мугалимдердин авторитетинин жоктугу;

3.Ата-энелердин балдарын көзөмөлгө албоосу боюнча маселелер.

“Нур” ЖАКтын Директордун өндүрүштү окутуу ишмердүүлүгү боюнча орун басары Калматова Бүкатча Рахманбердиевна сөзгө чыгып конференцияны ачык деп жарыялап. “Нур” ЖАКтын директору Матанбаева Зымырат Эркуловнага сөз берилди. Директор өз сөзүндө төмөнкү маселелерге боюнча токтолуп өттү.

-Кандай кырдал болбосун балдардын көңүлүн таба билүү;

-Өзүнүн баласынан дагы артык окуучуларды сүйөө билүү;

-Сабак берүүдөгү биринчи орунда мугалимдин башында жетишээрлик деңгээлди билими болуусу зарыл же болбосо мугалим өз кесибин мыкты деңгээлде билүүсү керек;

-Анан дагы жакшы окуп бүтүп кеткендерге караганда унчукпай жүргөндөр жакшы иштеп жатышкандарын баса белгилеп кетти.

Андан соң “Бүгүнкү практикант - эртеңки мыкты адис” аттуу практикалык конференциянын катышуучуларын жана коноктору менен тааныштырып өттү. 

Уюштуруучулар: Калматова Бүкатча,

                                Акматова Базаргүл

                                Мырзаканова Айжамал

                                Эрматали уулу Баяман ж.б.

Катышуучуларын:

  1. Сузак району Орто Азия айылы №13 Акматалы Базаров Атындагы орто мектебинин Башталгыч класстардын мугалими Мырзаева Азимбү.
  2. Сузак району Жийде айылы №103 Ширин атындагы жалпы билим берүүчү негизги  мектебинин Башталгыч класстардын мугалими Ажигелдиева Акмарал.
  3. Сузак району Ырыс айылы №24 Гулнара Бакиева атындагы жалпы билим берүүчү   мектебинин Башталгыч класстардын мугалими Эрмекова Зуура.
  4. Сузак району Жаңы –Дыйкан айылы №29 Т.Муратов  атындагы жалпы билим берүүчү   мектебинин Башталгыч класстардын мугалими Бекилова Карима

Катышуучулар көтөргөн маселелер:

1.Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылы №94 Борбугул Калымбетов атындагы жалпы билим берүүчү негизги мектебинин Башталгыч класстардын мугалими Койчиева Миргул : Студенттер план конспект жазышты билбейт жана дагы көргөзмө куралдарды жасашса жакшы болот эле мектепке келгенде деди.

  1. Базар-Коргон району Каба айылы №33 Жусуп Турусбеков атындагы орто мектебинин Башталгыч класстардын мугалими Төлөшова Суита Баркановна

  Мугалимдик кесип бул ар тараптуу кесип экенин анын күндөн-күнгө начарлап бара жатканын айтты. Окуучулар жана ата-энелер үйдө отуруп болочок мугалимин тандап алып жатканын, ошого жараша азыркы болочок окутуучулар өзүн жакшы алып жүрүүсүн жана билимдерин терең алуусун белгилеп кетти. Азыркы практикага  баргандар  жеңил ойлуу, кыйынчылыкка туруштук бере албаган студенттер балдарды тарбиялап жатканын айтты. Ошондой эле кол жазмалары начар болуп жатканын баса белгилеп кетти.

“Нур” ЖАКтын БКМ 1-17 тайпасынын студентти практика учурунда пайда болгон кыйынчылыктарга дуушар болгон  жана башка мүнөздөгүү балдар менен иштөө кыйын экендигин жана студенттер окуучуларга туура так жана маданиятту суйлөөнү сунуштады.

БКМ 2-16 тайпасынын студентти Батырбекова Айсуулу 5 мүнөттүк сабак өттү.

Жыйынтыктап айтканда жогоруда көтөрүлгөн маселелерди  жоюу үчүн тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилип, иштер алып барыла турган болду.




alt

alt

{{ comment.user.name }}
{{ comment.text }}
Жооп · {{ comment.created_at }}


Паракорчулукка кабылдыңызбы



Паракорчулукка кабылдыңызбы    

Жалпы маалымат

Администрациянын ишмердүүлүгү

Жоболор

Билим берүү программалары (Адистиктер)

Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)